Биз менен байланышыңыз

Генерал Сабырбек Курманалиев каза болду

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 4873 | 0

Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду.

Сабырбек Курманалиевдин милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-курулушчу адистиги боюнча аяктаган. 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Ички иштер органдарындагы ишин 1980-жылы Сокулук районунун аткаруу комитетинин ИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчү болуп баштаган. 1984-1987-жылы Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинин ИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүсү болуп иштеген. 1988-1993-жылы Кара-Балта шаарынын ИИБнин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмүн жетектеген. 1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБнин башчысынын орун басары кызматын аркалаган. 1995-1998-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген. 1999-2004-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБнин башчысы болгон. 2004-жылы ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. 2005-жылдан тарта 2008-жылдын январь айына чейин Нарын ОИИБнин башчысы, 2008-жылдын январь айынан август айына чейин Чүй ОИИБнин башчысы кызматтарын аркалаган. 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Кызматындагы эмгектери үчүн Сабырбек Курманалиев «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүндүгү үчүн» медалы менен жана башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган, милициянын генерал-майору наамына жеткен.

ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, Ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бүгүн милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Доктурбек Курманалиев айылында аскердик жөрөлгөлөр менен акыркы сапарга узатылат.

«Марал» радиосунун эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM