Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ишмер жана эл мугалими Мукаш Базаркулов дүйнө салды

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 864 | 0

Кечээ, 16-июлда 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик ишмер, некролог Мукаш Базаркулов дүйнөдөн өттү.

Ал 1935-жылдын 5-июнунда Нарын обласусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлүп өскөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Мукаш Базаркулов эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.

1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.

1979-жылы ал Кыргыз ССРнин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

Базаркулов Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой-жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн.

Ал Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри болуп турганда 348000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган.

Базаркулов тарбиячылык-педагогикалык ишти коомдук-саясий иштер менен айкалышта аткара билген. Ал элдин ишенимине татып, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Мукаш Базаркулович депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынышына чоң салымын кошкон.

Ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими», 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардак наамы ыйгарылган, 2000-жылы «Даӊк» медалы менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM