Биз менен байланышыңыз

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Марклен Баялинов дүйнө салды

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 1115 | 0

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Марклен Баялинов 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Марклен Баялинов 1933-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымаалы Баялиновдун үй-бүлөсүндө туулган.

Алгачкы эмгек жолун 1955-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин искусство бөлүмүндө инспектор болуу менен баштаган. Аталган жылдан 1970-жылдарга чейин ошол эле бөлүмдүн башчысынын орун басары, башчысы кызматтарында иштеген.

1970-1972-жылдары Маданият министринин биринчи орун басары, 1972-1984-жылдары Кинематографисттер комитетинин төрагасы, 1984-1985-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

1985-жылдан 1989-жылга чейин Маданият министри болгон.

Марклен Баялинов искусство тармагында либретточу катары да таанымал. Айрыкча, текстин Марклен Баялинов иштеп чыккан «Саманчынын жолу» балет-ораториясы ушул кезге дейре опера сахнасынан түшпөй келет.

Өлкөгө сиңирген эмгеги эске алынып, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 8-июлда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM