Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев көз жумду

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 2322 | 0

Кыргыз эл жазуучусу, залкар драматург, белгилүү акын Мырзабек Тойбаев 84 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Алынган маалыматтар боюнча, залкар талант бүгүн кечке жуук каза болгон.

Мырзабек Тойбаев 1935-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун 1958-жылы Кыргыз радиосунда редактор болуу менен баштаган. Ал эми адабий чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган. Кийинчерээк драматургия жанрына өткөн.

Залкар калемгердин көптөгөн драмалары ушул кезге чейин улуттук драма театрлардын репертуарынан түшпөй келет. Анын «Ак пейил», «Жаңы келин», «Ыйык жол», «Пишпектин уулу», «Өчпөс жылдыз» сыяктуу көптөгөн китептери окурмандардын жогорку баасына татыган.

Чыгармачылыктагы эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1989-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2005-жылы Кыргыз Эл жазуучусу наамы берилген. Мындан тышкары, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаттыгын алган.

Маркумдун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-июнь күнү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM