Биз менен байланышыңыз

Эл мугалими Жибек Өзүбекова көз жумду

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 873 | 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. 15-февралда Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Билим берүүнүн мыктысы Жибек Өзүбекова 71 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу президенттин басма сөз кызматы некролог таратты.

Жибек Өзүбекова 1948-жылы 28-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Токтогул айылында төрөлгөн. 1970-жылы ал Пржевальск шаарындагы Педагогикалык институттун математика факультетин бүтүргөн. 1970-1988-жылдары ушул эле институттун жогорку математика кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген.

1988-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул атындагы орто мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

1991-жылдан 2000-жылга чейин Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында илимий-усулдук иштер боюнча директордун орун басары, 2000-2010-жылдары мектептин директору, ал эми 2010-жылдан баштап ушул эле мектепте математика жана логика мугалими болуп эмгектенген.

Жибек Өзүбекованын педагогикалык стажы 49 жылды түзгөн. Кыркка  жакын илимий-усулдук макаласы жана «Лицей — билим уясы» аттуу китеби жарык көргөн. Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттердин ардактуу профессору болгон.

Ага 1992-жылы «Элге билим берүүнүн мыктысы», 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» деген жогорку наамдар ыйгарылган.

Өзүбекова Жибек Раимбековнанын жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, М.Д.Абылгазиев, Г.У.Калиева, А.С.Өмүрбекова, Д.А.Эсеналиев, С.А.Кылжыев, Г.С Молдобекова, К.А Исаков, К.С.Чолпонбаев, А.К.Жаманкулов, У.Т.Кочкоров, К.Ж.Садыков, А.И.Мусаев, К.К.Абдылдаев, Т.А.Абдырахманов, Т.И Першина, Е.Б.Ефим, И.Бекбоев, А.Жайнаков, К.Исаев, Н.Орунтаев, С.М.Абдрахманова, Б.Б.Базаркулов, А.Н.Зырянова, Ш.Кулуев, А.Сманбаев, С.Б.Исаков, Ж.Б.Жанузаков, Т.С.Саякбаев, А.Ш.Осмоналиев, А.Ж Каниметов.

Copyright © 2017 Maral FM