Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 2114 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов көз жумду. Бул тууралуу Евразия көйгөйлөрүн иликтөө борборунун директору Аслан Губаев «Говорит Москва» агенттигине билдиргенин бир катар маалымат булактары жазды.

«Эркин Түркмөнстан» оппозициялык каналынын билдирүүсүнө караганда, Түркмөнбашы кечээ, 20-июлда түштөн кийин көз жумган. Каза тапканы жана анын себептери боюнча азырынча расмий маалыматтар бериле элек.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Түрмөнстандын президенти эмгек өргүүсүнө кеткен болчу.

Гурбангулы Бердымухаммедов 1957-жылы Ашхабад облусуна караштуу Көк-Төбө районундагы Бабарап айылында туулган. 2007-жылдын 14-февралында Түркмөнстандын президенттигине шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM