Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан президенти өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын да башкармай болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1301 | 0

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн негизги мыйзам чыгаруучу органы болгон Калк Маслихатынын башчылыгына бекитилди. Муну менен Бердымухамедов бир эле учурда аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигин жетектемей болду.

Калк Маслихаты– түркмөн парламентинин 56 депутаттан турган жогорку палатасы, алардын сегизин президент жеке өзү дайындайт. Башында Бердымухамедовдун аты аталган эмес, анын парламенттин башчылыгына дайындалышы күтүүсүз болду. 63 жаштагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн өкмөтүн да башкарат.

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектеп келе жаткан Бердымухамедов эки палаталуу парламенттин түзүлүшү «өлкөнүн мындан ары да демократиялашуусуна» багытталарын билдирүүдө.

Эксперттер Калк Маслихатын түзүү максатында Түркмөнстан Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр бийликти уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп берүү үчүн жасалган айла деп эсептешет.

Быйыл февралда Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындаган. Ал — Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөсү. Апрелде болсо ТИМ башчысынын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн алды. Сердар Бердымухамедов «Түркмөн алабайы» ассоциациясынын жетекчиси да болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM