Биз менен байланышыңыз

Жапаров Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1000 | 0

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын. Мындай пикирин бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

Президенттин айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга бардык зарыл шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал долбоорлорго түркмөн бизнеси кеңири катышарына үмүт артты.

Садыр Жапаров белгилегендей, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — бул туризм чөйрөсү. Ошондой эле сапаттуу түркмөн текстили менен кыргыз кийим тигүү тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө боло турган жеңил өнөр жай тармагы дагы чоң потенциалга ээ.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM