Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Бердымухамедовдун расмий жолугушуусу болду

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 888 | 0

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуусу болду.

Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендик аянтына келип, аны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда «Огузхан» Сарайына багыт алды.

Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

Copyright © 2017 Maral FM