Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Гимндин автору Шабданбек Кулуевге эстелик тургузулду

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 555 | 0

Бүгүн, 25- ноябрда Кыргыз Республикасынын Гимнин авторунун бири, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин эстелиги «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү бейитине тургузулду.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Өз өмүрүн агартууга арнаган эл мугалими Шабданбек Кулуев билим берүү системасында гана эмес, маданият жаатында да талыкпай изденген, элеттеги элдин үнүн коомчулукка жеткирүүдө зор эмгектерди жасаган тарыхый инсан катары сыпатташты ачылышта сүйлөгөндөр.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү Сегизинчи март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Гимнин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, 1994-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2011-жылы КР эл мугалим ардак наамдары ыйгарылган. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жашында дүйнө салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM