Биз менен байланышыңыз

3 миң 600 доллар зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 618 | 0

Талас облусунун Манас районунун жашоочусу 1981-жылы туулган М.З. кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине укукка каршы аракеттер боюнча арыз түшүп, анда жабырлануучуга 3 миң 600 доллар суммасындагы олуттуу чыгым келтирилгени маалымдалган.

Азыркы учурда тергөө жогорудагы укукка каршы аракеттин чоо-жайын аныктоодо.

ИИМдин маалыматы боюнча кармалган жаран М.З. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM