Биз менен байланышыңыз

Улан Ниязбеков Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 2187 | 1

Бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министрлигинин өздүк курамына премьер-министр Садыр Жапаров жаңы дайындалган Ички иштер министри Улан Ниязбековду тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Садыр Жапаров Улан Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экендигин белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы оор кырдаалда милиция кызматкерлеринин тынчтыкты, туруктуулукту сактап калууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Эске салсак, буга чейин ИИМди Кашкар Жунушалиев жетектеп келген.

Улан Ниязбековдун өмүр баяны:

Улан Ниязбеков 1975-жылы туулган. Билими жогорку, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кесиби юрист.

• Куралдуу күчтөрдүн катарында 1993-1994-жылдары катардагы жоокер катары кызмат өтөгөн;

• Күч структураларында кызмат өтөө 1998-жылдан башталып Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык Ата райондорунун каржы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас областынын каржы полициясынын бөлүм башчысы;

• 2008-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган. Баткен областынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында коомдук коопсуздукту сактоо багытында ишмердүүлүгүн уланткан;

• 2010-жылы министрдин жардамчысы№

• 2011-жылдан баштап ИИМдин Каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы, андан кийин азыркы мезгилге чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM