Биз менен байланышыңыз

Сариев: Добуш сатып алган талапкерди 2,5 жылга эркинен ажыратуу каралган

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Сен 2020 | 1063 | 0
Автор: Айпери Жумабай кызы

Добуш сатуу фактылары боюнча бат, ыкчам аныктап чара көрүп, расмий түрдө элге жеткириле баштаса, кандайдыр бир деңгээлде добуш сатуу кыскарат. Бирок таптакыр жоюлат дегенден алысмын. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Баарыбыз эле билебиз, кылмыш иши козголгондон кийин кээде айлап жылдап созулуп кетет. Ошондуктан муну создуктурбай, кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, тиешелүү органдар тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде тыянак чыгарылышы керек», − дейт Акылбек Сариев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган мыйзамдын иштеши кечеңдеп жатат. Себеби, мыйзам өзү кеч кабыл алынып калган.

БШКнын экс-төрагасы билдиргендей, Кыргызстанда шайлоону таза өткөрүү максатында шайлоо мыйзамдарына көптөгөн өзгөртүү киргизилип, июль айында ага президент кол койду. Тактап айтканда, тартип бузуулар, жоруктар жана жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Алардын негизги максаты — добуш сатып алууга жана добушун сатууга бөгөт коюу.

«Эгерде жаран бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн өзүнүн добушун сатса, анда 1000 сом өлчөмүндө айыппул салуу жазасы көрсөтүлгөн. Эгерде жаран өзүнүн добушун саткан катасын мойнуна алып, расмий түрдө тиешелүү органдарга билдирсе, анда аны жоопко тартуу маселесинен бошотот деген ченем киргизилген«, — деди Сариев.

Ошондой эле ал добушун саткан жөнөкөй жарандарга 1000 сом айыппул болсо, добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кармалган жөнөкөй жарандарга 180-200 миңге чейин айыппул салынарын кошумчалады.

Ушундай эле добуш сатып алуу фактысы боюнча мыйзам бузуу аракетине талапкер же партиянын өкүлү барса, анда 220 миң сомдон 260 миңге чейин айыппул салуу же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мындан сырткары Сариев добуш сатуу жана добуш сатып алуу өтө көйгөйлүү маселе болгондуктан, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жолу менен кандайдыр бир деңгээлде токтотуу аракетине окшоп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM