Биз менен байланышыңыз

«Шайлоого карата админресурс колдонуу боюнча билдирүүлөр түшүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 789 | 0

Өтө турган президенттик шайлоого карата административдик ресурс колдонуу боюнча билдирүүлөр түшүп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн билдирүүлөр атайын топтор тарабынан иликтенип, тиешелүүлөрү БШКнын отурумунда каралууда.

«Кызмат адамдарына байланышкан система бар. Жогорку кызматтагылар ылдый жактагыларга тапшырма берүүгө укуктуу. Алган тарап да аткарбай коё албайт экен. Бирок админресурс колдонуу бара-бара азаюуда, бирок «толук токтоду» деп айтуу оор. Тилекке каршы, анонимдүү кайрылууларды карабай коюуга мыйзам жол берет. Мындан улам купуя кайрылуулар көбүнчө кароосуз калат», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM