Биз менен байланышыңыз

«БШК КТРКдагы теледебаттын өчүп калуусу боюнча иликтеп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 913 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы КТРКдан теледебаттын өчүрүлүшү боюнча маселени иликтеп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мыйзамга ылайык акысыз дебаттарда тараптар бири-бири тууралуу көп маалымат айтпашы жана талапкерлерге каршы сүйлөбөшү керек. Бул бекер убакыт талапкер программасын түшүндүрүү, үгүт ишин жүргүзүү үчүн берилет. Ченемдерге баш ийбеген тараптарга баа берилиши керек. Маселени караганга аракет кылабыз. Дебаттарда мыйзамда каралган ченемдер сакталбагандыктан, анын өчүрүлүүсү түрдүү шектенүүлөрдү жаратып жатат. Бул боюнча КРТК түшүндүрмөсүн берди», — деди Сариев.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-декабрындагы теледебат КТРКнын YouTube каналынан өчүрүлүп кеткен.

КТРК теледебаттын видеосу эмнеге өчүрүлгөнүн түшүндүрдү

Copyright © 2017 Maral FM