Борбордук шайлоо комиссиясы КТРКдан теледебаттын өчүрүлүшү боюнча маселени иликтеп жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
«Мыйзамга ылайык акысыз дебаттарда тараптар бири-бири тууралуу көп маалымат айтпашы жана талапкерлерге каршы сүйлөбөшү керек. Бул бекер убакыт талапкер программасын түшүндүрүү, үгүт ишин жүргүзүү үчүн берилет. Ченемдерге баш ийбеген тараптарга баа берилиши керек. Маселени караганга аракет кылабыз. Дебаттарда мыйзамда каралган ченемдер сакталбагандыктан, анын өчүрүлүүсү түрдүү шектенүүлөрдү жаратып жатат. Бул боюнча КРТК түшүндүрмөсүн берди», — деди Сариев.
Эске салсак, 2020-жылдын 30-декабрындагы теледебат КТРКнын YouTube каналынан өчүрүлүп кеткен.