Биз менен байланышыңыз

КТРК теледебаттын видеосу эмнеге өчүрүлгөнүн түшүндүрдү

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 6669 | 0

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы президенттикке талапкерлердин дебатынын үчүнчү күндөгү видеосу эмнеге өчүп калганын түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, КТРКнын бардык көрсөтүүлөрүнүн видеосу каналдын Youtube хостингинде сакталат. Ошондой эле теледебаттардын жазуулары Youtube баракчасына жарыяланып, андан соң жогорку сапаттагы HD форматында кайрадан жарыяланат.

Бирок 30-декабрдагы теледебаттардын записин алмаштырып, жаңы сапаттагы видеону жүктөө учурунда техникалык мүчүлүштүктөн улам сакталбай калган.

«Буга байланыштуу КТРКнын Youtube каналында президенттикке талапкерлердин 30. 12. 2020дагы теледебаттарынын видео жазуулары учурда жок болуп жатат. Түзмөк калыбына келтирилгенден кийин файлдар кайрадан хостинг баракчасына жүктөлөт», — деп айтылат маалыматта.

КТРК президенттикке талапкерлердин теледебаттары ачык форматта өтүп, бардык талапкерлер үчүн бирдей аянтча түзүлүп, түз эфирде чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын маалымдайт.

КТРКны кандайдыр бир цензурага айыптоо аракеттеринин эч кандай негизи жок.

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровго сегиз суроо узатты (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM