Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровго сегиз суроо узатты (видео)

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 3080 | 0

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев коомдук биринчи каналда өткөн теледебат учурунда дагы бир талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу кылмыш иштери бар экенин айтты. Ал дебатка келбей койгон Жапаровго кайрылып, аны ачык сүйлөшүүгө чакырды.

— Мен дебаттан качып жүргөн талапкерге кайрылайын дедим эле. Ар кайсы жерде «Сегизбаев кылмышкер» деп айтып жүрөт. Менин кылмышым кандай экенин уялбай эле айтчы, же дебатка келип бетиме айт. Мен сенин кылмыш иштериң жөнүндө айтып берейин. Мына сүрөттөр, бүгүнкү күндө Жаныш Бакиев менен эч кандай мамилем жок деп айтып жүрөсүң. Мына топтолгон сүрөттөр, бул жерде Жаныш Бакиев тоюна эң жакын 100 адамды чогулткан. Ошолордун арасында сен жүрөсүң. Сен кылмышкерсиңби же менби?

Талапкер Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровго байланыштуу иштер бар экенин айтып, ага сегиз суроо узатты:

  1. 2001-жылы «Ысык-Көл» инвестбанкынан 400 миң долларды алдың беле, төктүң беле?
  2. Учурунда «Ысык-Көл» инвестбанкын бир тууганыңды алып барып басып алдың беле? Ошол банк аркылуу 5 млрд долларды Максим Бакиевге жууп (адалдаштыруу) бердиң беле?
  3. «Жыргалаң» шахтасын Кытайга ит бекер сатууга тиешең барбы?
  4. Киев көчөсү, 74 дарегинен морадерлордун колунан имарат сатып алдың беле?
  5. 2009-жылы 30-апрелде «Кумтөрдү» сатканга демөөрчү болуп жүрдүң беле?
  6. 2009-жылы «Жетим-Тоо» кенин Максим Бакиев менен бирге өткөзүп бердиңер беле, эмне үчүн ал жөнүндө унчукпайсыңар?
  7. 2005-2010-жылы Бакиевдин жанында жүрүп, 60 адам өлтүрүлгөндө, эмне үчүн унчуккан жоксуң?
  8. Эмне үчүн Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд доллар чыгарып кеткенде унчуккан жоксуң?

30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты өттү. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Төлбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышты. 28-декабрда болгон дебатка талапкер Садыр Жапаров келген эмес.

Президенттикке талапкерлердин теледебатынын биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Экинчиси 6-январда башталат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жыдын 10-январында өтөт. Ага 17 талапкер ат салышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат. Ал 8-январда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM