Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын санында өзгөрүү болдубу?

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 604 | 0

2021-жылдын 2-январына карата Президентти шайлоо жана Конституциялык референдум өткөрүү боюнча 3 млн 567 миң бюллетень чыгарылып, жер-жерлерге таратылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны 3 млн 558 миңден көбүрөөк. «Форма №2нин» жоюлушу шайлоочулардын санына таасир эткен жок. Анткени эч бир жаран шайлоо укугунан ажыратылган эмес.

«Алдыдагы шайлоолордо добуш берүүчүлөрдүн катарына 18 жашка толгон жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар кошулду. Мындан улам шайлоочулардын саны мурдагыга салыштырмалуу бир аз жогорулады. Ал эми катышуучулардын саны болжолдуу түрдө азайышы мүмкүн. Ага  «Форма №2нин» жоюлушу таасир бериши ыктымал. Катышуу шайлоочулардын кызыкчылыгына байланыштуу болот. Суукта айрымдар сыртка чыгууга көңүлдөнбөшү мүмкүн», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM