Биз менен байланышыңыз

«Шайлоочунун 30 %ы добуш берген учурда гана референдум өттү деп таанылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 1232 | 0

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо жарандардын саны роль ойнобойт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын канча пайызы катышса да, өттү деп эсептелинет. Тактап айтканда, шайлоочулардын саны эч кандай маселени чечпейт. Ал эми Конституциялык референдум жарактуу болушу үчүн шайлоочулардын 30 %ы катышуусу керек. Андыктан добуштардын саны референдумга гана таасир этет.

Алдыдагы шайлоого ондой коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрү байкоо салууга укуктуу. Мындан сырткары 400дөн ашык эл аралык байкоочу көз салат.

«Алардын негизги максаты: шайлоо жана референдумдун мыйзамдарын сактоо. Кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, шайлоо комиссияларына же укук коргоо органдарына кайрыла алышат», — дейт Сариев.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM