Биз менен байланышыңыз

Сариев: Көпчүлүк «Форма №2» ченеми жоюлганын билбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 647 | 0

Көпчүлүк шайлоочулар алдыдагы президентик шайлоодо «Форма №2» жокко чыгарылганын билбейт. Бул өз кезегинде айрымдардын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Форма №2» жокко чыгарылгандыгына байланыштуу жарандар каттоого турууга милдеттүү.

Алдыдагы шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө 45тей участок ачылды. Дагы кошумча участок ачуу боюнча маселе жүрүүдө.

«Чет жакта жүргөн мекендештердин ар биринин жашаган жерине шайлоо тилкесин ачып бере албайбыз. Шартка байланыштуу 50-100 шайлоо тилкесин ачкан күндө да мекендештердин 50-100 чакырымды басып өтүп, добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Тилкелердин санынын аздыгынан эмес, шайлоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгондугунан улам чет жакта жашагандардын шайлоого катышуудагы көрсөткүчтөрү төмөн. Тилекке каршы, саясатчылар бул жагдайды колдонуп, нукту башка жакка бурганга аракет кылышат. Бирок биометрикалык маалыматы жок шайлооочулардын укуктарын карашпайт», — дейт Сариев.

Ал Кыргызстанда 300-500 миң жаран биометрикалык маалыматынын жоктугунан шайлоо укугунан четтеп калганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM