Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ички каттамдар жанданды

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 1070 | 0

Бүгүн, 8-июндан тарта Кыргызстанда ички каттамдар жанданды. Күн сайын Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир учак учат. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, авиакаттамдарды «ТезЖет» компаниясы ишке ашырууда.

-Коронавирус илдетин жуктуруунун алдын алуу үчүн бекетке жүргүнчүлөр гана киргизилип жатат. Аларды коштоп келгендер мурдагыдай кире алышпайт. Жүргүнчүдөн тиешелүү документи жана билет талап кылынат. COVID 19 илдетине тесттин жыйынтыгы суралбайт. Жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилет. Коронавирустун белгилери болсо, аэропортко киргизилбейт. Медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат, — деди Курбанова.

Маалым болгондой, эл аралык каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз. Учурда чет мамлекеттеги мекендештерди алып келүү боюнча чартердик каттамдар аткарылууда.

Copyright © 2017 Maral FM