Биз менен байланышыңыз

Боронов: Бир облустан башка облуска барууга чектөө сакталат

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 1633 | 0

Өлкө ичинде жылып жүрүүгө мурдагыдай эле чектөө сакталат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.

— Өлкө ичинде жылып жүрүүгө чектөө сакталат. Бир облустан башка облуска баруу мүмкүн эмес. Карантиндик режим бүтүндөй өлкө аймагында сакталууда, анын ичинде Бишкек, Ош, Жалал-Абад ири шаарларында дагы, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал ички каттамдарды жакынкы күндөрү ачуу пландалган эместигин кошумчалады.

— Бул маселе жакында чечилет деп үмүттөнүүдөбүз. Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, ошондой эле каттам калыбына келе турчу өлкөлөрдөн дагы көз каранды. Биздин коӊшу мамлекеттерибизде дагы абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдар боюнча, жакынкы күндөрү аларды ачуу пландалган эмес. Бул тууралуу айтуу азырынча эрте”, — деп жооп берди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM