Биз менен байланышыңыз

Авиакаттамдарды калыбына келтирүү маселеси 25-майда каралат

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 740 | 0

Кооптуу кырдаалга байланыштуу облус аралык каттамдар, ошондой эле аба каттамдары азырынча жүргүзүлө элек. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 жараныбыз өлкөгө келди.

Жарандарыбызды башка өлкөлөрдөн уюшкандыкта алып келүү боюнча иштер улантылып жатат, — деп белгиледи ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM