Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта Кыргызстандан Орусияга авиакаттамдар көбөйөт

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 2117 | 0

Бүгүн, 8-февралдан тарта Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдар көбөйтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиа байланыштын санын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргызстандын жарандары 8-февралдан тарта:

  • Бишкектен Москва шаарына «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз каттамы;
  • «Аэрофлот- Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз авиакаттамы менен уча алышат.

Copyright © 2017 Maral FM