Биз менен байланышыңыз

Екатеринбург шаарынан 17 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 674 | 0

Бүгүн, 6-апрелде «Манас» эл аралык аэропортуна Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын 17 жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды.

«Урал авиакаттамынын» самолету Орусиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM