Бүгүн, 6-апрелде «Манас» эл аралык аэропортуна Екатеринбург шаарынан Кыргызстандын 17 жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды.
«Урал авиакаттамынын» самолету Орусиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти.