Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар Орусиядан авиа каттамдар аркылуу гана чыга алат

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 1164 | 0

Коронавирустук инфекцияга байланыштуу татаал эпидемиологиялык кырдаалдын биринчи күнүнөн тартып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде атайын штаб түзүлүп, Орусия тарабынан Кыргызстанга керектүү жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова бүгүн билдирди.

Элчилик күчөтүлгөн режимде иш алып барууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер нөөмөттө туруп жатышат. Күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө, кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна тийиштүү жооптор жана кеңештер берилүүдө.

Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, обсервация кызматкерлери, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери үзгүлтүксүз, күнү-түнү дежурлук түзүү шартында иштешүүдө.

Калкты эң керектүү тамак-аш менен экономикалык жактан жеткиликтүү денгээлде камсыздоо максатында социалдык маанилүү азыктардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынууда.

Мындан сырткары Орус өкмөтү 18-марттан тартып Орусиянын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салды.

Кыргыз жарандарынын Орусия-Казакстан чек арасынан темир жол жана автоунаа транспорттору менен өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин маалымдайт.

Кыргыз жарандары Орусиядан авиа каттамдары аркылуу гана чыга алат, кайра Орусия чектөөнү алып салгандан кийин гана кире алат.

Элчилик жарандарды кырдаалга өтө олуттуу мамиле кылуу менен, киргизилген тартип, эрежелерди бекем сактоого чакырат:
— адамдар көп чогулган жерлерге муктаждык болбосо, барбоо;
— жеке гигиенаны сактап, саламаттыкты сактоо органдарынын сунуш, көрсөтмөлөрүн так аткаруу;
— Эпидемияга каршы такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда, жеке баракчаларда, ЖМКда таркатпоо;
— жаңы инфекция жугузуп алуу коркунучунун белгилери байкалса, тез арада «103» телефону аркылуу дарыгерлер менен байланышып, же тез жардамды чакыруу керек.

Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн:

  • Байланыш номерлери:+499-237-48-82; 237-46-01; +495 237-44-52; +499-238-33-04;
  • e-mail: info@kyrgyzembassy.ru
  • Элчинин блогуна: www.elchi.ru
  • Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

 

Copyright © 2017 Maral FM