Биз менен байланышыңыз

Жефф Безос Хашшогги тууралуу: «Мындай окуя эч кимдин башына келбесин»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 2171 | 0

Былтыр Стамбул шаарындагы Сауд Аравия консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашоггини эскерүү иш-чарасы консулдуктун жанында өттү. Ага америкалык миллиардер, «Amazon» компаниясынын түзүүчүсү жана журналист иштеген «Washington Post» басылмасынын ээси Жефф Безос катышты.

Хашоггини эскерүү саат 13:14тө үнсүз мүнөт менен башталды. Бир жыл мурун дал ушул убакытта журналист консулдукка кирип кеткен болчу, ал эми жубайы Хатиже Женгиз сыртта күтүп калган.


Ханзаада журналист Хашоггинин өлүмүнө жоопкерчиликти мойнуна алды


Хатиже Женгиз өз сөзүндө чындыкты дале издеп жүргөнүн айтты:

«Мен анын сөөгү эмне болгонун, кайда экенин билгим келет. Досторунун абактан чыгуусун каалайм. Ошондой эле бийликте тургандар жоопкерчиликке тартылуусун каалайм».

Ал эми Безос: «Эч ким,  эч качан сиз башыңыздан өткөргөндү көрбөшү керек. Сиз бул көчөдө сааттап жүрдүңүз, күттүңүз. Бирок ал ошол бойдон чыккан жок. Бул нерсени элестетүүнүн өзү кыйын. Дайыма эсиңизде болсун, сиз – биздин жүрөгүбүздөсүз. Сиз жалгыз эмессиз, биз жаныңыздабыз», — деп Хашоггинин жубайын бооруна кысты.


Журналисттин өлүмүнө бир жыл: Хашоггини кантип өлтүрүшкөн? (стенограмма)


Ошондой эле эскерүү иш-чарасына «Amnesty International» жана «Репортеры без границ» эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу Тавакуль Карман жана сотсуз өлүм жазасы маселеси боюнча БУУнун өкүлү Аньес Каламар катышты.

Copyright © 2017 Maral FM