Биз менен байланышыңыз

Amazon компаниясынын космоско учуу билети 28 миллион долларга сатылды

Америкалык ишкер Жефф Безос негиздеген Amazon компаниясынын космоско учуу билети 28 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу «Рейтер» маалымат агенттиги жазды.

Азырынча сатып алган адамдын аты-жөнү ачык айтыла элек.

Blue Origin аэрокосмостук компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, ракета 75 км бийиктикке көтөрүлүп, капсула бөлүнүп, ал жер атмосферасы менен космостун чегинен жогору көтөрүлөт. Бул 100 км бир аз ашыгыраак болот. Үч мүнөттүн ичинде космонавттар нөлдүк тартылуу абалын сезип, фантастикалык көрүнүштөргө суктана алышат.

Белгилей кетсек, Amazonˈдун негиздөөчүсү жана дүйнөнүн бай адамдарынын бири Жефф Безос иниси менен бирге 20-июлда космоско учууну пландаган. Ал суборбиталык учууну өзүнүн Blue Origin компаниясы курган New Shepard космостук кемеси менен аткарат. Кемедеги ашып калган бир орунду Amazon компаниясы аукциондук сатыкка койгон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM