Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк байлардын рейтинги жаңыланды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 728 | 0

Луи Виттон (Louis Vuitton) компаниясынын президенти Бернар Арно «Forbes» журналынын миллиардерлер тизмесинде «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, экинчи орунду ээледи.

Биринчиликти мурдагыдай эле 112,3 миллиард доллар байлыгы менен «Амазон» компаниясынын түзүүчүсү Жефф Безос ээлеп келет.

Экинчи орунга чыккан Арнонун бюджети 107 миллиардды түзөт. Билл Гейтс 106,8 миллиард кирешеси менен үчүнчү тизмеден жай алган.

Белгилей кетсек, Жефф Безос «Forbes» журналынын 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы аталган.


Bloomberg агенттиги дүйнөдөгү эң бай адамдарды атады


Кошумчалай кетсек, 18-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп кызы Иванка менен Луи Виттон (Louis Vuitton) фабрикасынын жаңы филиалынын ачылышында лента кесишкен.


Трамп сумка сатуучу дүкөндүн ачылышында лента кести (видео)

Copyright © 2017 Maral FM