Биз менен байланышыңыз

Bloomberg агенттиги дүйнөдөгү эң бай адамдарды атады

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 1279 | 1

Bloomberg агентигинин эксперттери 1-февралда  дүйнөдөгү эң бай адамдардын аттарын атады.

1-орун. Джефф Безос

Анын байлыгы 142 миллиард долларга бааланат.

Джефф Безос —  америкалык ишкер, Amazon.com интернет-компаниясын жетектейт. Ошондой эле The Washington Post басма үйүнө жана Blue Origin аэрокосмикалык компаниясына ээлик кылат.

2-орун. Билл Гейтс

Анын байлыгы 95,8 млрд долларды түзөт.

Билл Гейтс — америкалык жеке ишкер жана коомдук ишмер. Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.  Ошондой эле Cascade investment компаниясынын башкы директору, Berkshire Hathaway директорлор кеңешинин мүчөсү жана Билл жана Мелинда Гейтс кайрымдуулук фондун жетектейт.

3-орун. Уоррен Баффет

Байлыгы 84,9 млрд долларды түзөт.

Уоррен Баффетт — америкалык ишкер, дүйнөгө белгилүү чоң инвестор жана адам зат тарыхындагы эң кайрымдуу инсан. 2010-жылы 97 млрд долларды кайрымдуулукка жумшаган.

4-орун. Бернар Арно

Байлыгы 76,6 млрд долларды түзөт.

Бернар Арно — франциялык бизнесмен, Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти.

5-орун. Марк Цукерберг

Байлыгы 65,6 млрд долларды түзөт.

Марк Эллиот Цукерберг — америкалык програмист жана ишкер.  Facebook социалдык тармагынын жетекчиси.

6-орун. Амансио Ортега

Байлыгы 63,5 млрд доллар.

Амансио Ортега —  ишкер, Inditex компаниясынын негиздөөчүсү жана экс-президенти. Аталган компания 77 өлкөдө 5 миң дүкөнгө ээлик кылат.

7-орун. Карлос Слим

Анын байлыгы 60 млрд долларды түзөт.

Карлос Слим Элу — мексикалык ишкер, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири.  «Форбс» журналы тарабынан  2010-2013- жылдары дүйнөдөгү эң бай адам катары көрсөтүлгөн.

8-орун. Ларри Пейдж

Байлыгы 54,8 млрд доллар.

Ларри Пейдж — Google издегич системасынын иштеп чыгуучуларынын жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

Google Alphabet маркетинг компаниясынын башкы аткаруучу директору. Ошондой эле Googleдагы PageRank ты ойлоп тапкан.

9-орун. Ларри Эллисон

Байлыгы 54,2 млрд долларды түзөт.

Лари Эллисон —  америкалык ишкер, Oracle компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. NetSuite компаниясынын акционери жана Salesforce.com. копаниясынын баштапкы инвестору.

10-орун. Сергей Брин

Байлыгы 53, 3 млрд долларды түзөт.

Сергей Брин —  америкалык ишкер, маалыматык технологиялар жана экономика илими боюнча окумуштуу. Ошондой эле америкалык атактуу илимий журналдарга ондон ашуун илимий иштери жарыяланган. Учурда эл аралык илимий-технологиялык форумдарга катышып турат.

1 пикир

1 пикир

  1. Алия

    03.02.2019 18:46

    Ото кызыктуу макала болуптур

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM