Биз менен байланышыңыз

Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай аялды атады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 807 | 0

Forbes журналы 2019-жылдагы дүйнөдөгү эң бай аял катары L`Oreal косметикалык компаниясынын мураскери Франсуаза Бетанкур-Майерсти атады. Анын байлыгы 49,3 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Дүйнө жүзүндөгү бай адамдардын рейтингинде Франсуаза Бетанкур-Майерс  15-орунда турат.

Майерс жана анын жакындары L`Oreal компаниясынын 33 пайызына ээлик кылат.

Ал 1997-жылдан бери L`Oreal  компаниясынын  мүчөсү болуп эсептелинет. Майерс – чач боёк чыгаруу компаниянын негиздөөчүсү Эжена Шуллеранын жалгыз небереси болуп саналат.

2018-жылы компаниядагы акцияларынын үлүшүнүн жогорулоосу менен анын абалы 7,1 млрд долларга  же 17 пайызга өскөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM