Биз менен байланышыңыз

«Форбес» журналы эң көп киреше тапкандардын тизмесин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 881 | 0

Американын «Forbes» журналы эң көп киреше тапкан 100 искусство ишмеринин быйылкы рейтингин жарыялады. 

Бул жылкы рейтингдин биринчи сабына 185 миллион доллар кирешеси менен ырчы жана актриса Тейлор Свифт жазылды. Ал эми 2-сапка «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу, модель Кайли Женнер жайгашты. Ал бир жылда 170 миллион доллар тапкан.

Ошондой эле, 3-орунга рэпер Канье Уэст (150 миллион доллар), 4-орунга футболчу Леонель Месси (127 миллион доллар) 5-орунга ырчы Эд Ширан (110 миллион доллар) жазылды.

Булардан тышкары, алдыңкы ондукка футболчу Криштиану Роналду (109 миллион доллар), футболчу Неймар (105 миллион доллар), ырчы Зе Иглс (100 миллион доллар), жазуучу жана психолог Фил Макгроу (95 миллион доллар), боксчу Канело Альварес (94 миллион доллар) кирди.

Copyright © 2017 Maral FM