Биз менен байланышыңыз

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде үчүнчүдө

Кыска кабар , Спорт | 27 Июн 2019 | 595 | 0

Дүйнөлүк Бириккен күрөш уюмунун эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаңыланган рейтингдин үч түрүндөгү алдыңкы ондукка Кыргызстандан болгону 3 спортчу кирди. Бул маалымат unitedworldwrestling.org сайтына жарыяланды.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков 55 килограмм салмактагы балбандардын тизмесинде үчүнчү орунга татыган.

Дагы бир грек-рим күрөшчү 82 кило салмакта Атабек Азизбеков тизмеде 10-сапка илинген.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыздын айтылуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмактагылар арасында 8-катарга жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM