Биз менен байланышыңыз

Президент Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлады (тизме)

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 561 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Токиодо (Япония) өткөн ХХХII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ата мекендик спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн төмөнкүлөр сыйланды:

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Махмудов Акжол Махамаджанович. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алганы үчүн 10 млн сомдук сертификат жана Toyota RAV4 жаңы автоунаасы тапшырылды;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тыныбекова Айсулуу Болотовна. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алганы үчүн 10 млн сомдук сертификат жана Toyota RAV4 автоунаасы тапшырылды;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек Канатбекович. Ага 8 млн 150 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледждин грек-рим күрөшү бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Ахметов Мейрамбек Жанилович. Ага 2,5 млн сомдук сертификат тапшырылды.

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна. Ошондой эле Олимпиада оюндарында коло медаль утуп алганы үчүн 7 млн сомдук сертификат жана Toyota RAV4 автоунаасы тапшырылды;

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Эркимбаев Азат Сталбекович. Ага 3,3 млн сомдук сертификат тапшырылды.

«Даңк» медалы менен:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Медет кызы Айпери. Ошондой эле Олимпиада оюндарында 5-орун алганы үчүн 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Расулбеков Бекдөөлөт Расулбекович. Ошондой эле Олимпиада оюндарында 6-орун алганы үчүн 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Шаршенбеков Жоламан Назарбекович. Ошондой эле Олимпиада оюндарында 7-орун алганы үчүн 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Петрашов Денис Евгеньевич;

Бишкек шаарындагы Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностикасынын дарыгери Алишева Бактыгүл Насаровна. Ага 1,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Карачолоков Улукбек Өскөнбаевич. Ага 2,750 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Кенжебаев Байгазы Бобунович. Ага 4,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу, оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин окутуучусу Молдодосов Өмүржан. Ага 500 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Чокаев Сатыбек Мухамедович;

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Маслова Дарья Владимировнага;

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Жуманазаров Рахмадил Кадыркуловичке;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылды:

Кыргыз Республикасынын спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Макешов Кабыл Асангелдиевичке; 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Азисбеков Атабек Азисбекович;

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акматалиев Эрназар Кубатбекович;

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Базакечев Түгөлбай Молдобаевич. Ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жузупбеков Үзүр Даниярбекович;

Фехтование боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Петров Роман Александрович;

Бишкек шаарынын медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук укалоочусу Еремич Константин Марьянович. Ага 1,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Ош шаарынын № 2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Жамалдин уулу Акпарали. Ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Изабеков Чынарбек Корчубекович. Ага 1750 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу, «Ынтымак» олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин сууда сүзүү боюнча окутуучусу Петрашов Евгений Георгиевич;

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Таабалды уулу Сүймөнкул;

Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу, оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин окутуучусу Токтоналиев Камбар Калысбекович. Ага 300 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Күрөш федерациясы;

Оор атлетика федерациясы.

Президенттин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды: 

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кенешбеков Нурсултан Абылбековичке;

Ок атуу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кубанычбекова Каныкей Бообековнага;

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Лазарев Айаал Петровичке;

Күрөш федерациясынын ардактуу вице-президенти Бегалиев Канатбек Кубатовичке;

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү  Золоев Владимир Руслановичке;

Күрөш боюнча федерациясынын мүчөсү Алтынбек уулу Мирбекке;

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Аскарбеков Марат Аскарбековичке;

Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Асылбек уулу Дамирбекке;

Күрөш федерациясынын вице-президенти Бекбоев Алмаз Мирбековичке;

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Борисова Татьяна Викторовнага;

Азия күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү Жекшенов Талант Табылбековичке;

Күрөш федерациясынын вице-президенти Исаева Динара Шертаевнага;

Күрөш  федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевичке;

Токтогул шаарындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин оор атлетика бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Капаев Руслан Бекбосуновичке. Ага 100 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Күрөш федерациясынын башкы катчысы Кемелова Адинай Кемеловнага;

Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин грек-рим күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Махмудов Хакимге;

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Маджинов Русланбек Муратовичке;

Күрөш федерациясынын вице-президенти Монолов Айбек Кытайбековичке;

Панфилов балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окутуучу-машыктыруучусу Суровцев Виктор Васильевичке;

Күрөш федерациясынын ардактуу вице-президенти Төрөгелдиев Асеин Тургунбековичке;

Азия күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү, Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Турганбаев Мелис Токтомамбетовичке;

Фехтование федерациясынын окутуучу-машыктыруучусу Черных Александр Георгиевичке;

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Чокаев Сатыбек Мухамедовичке;

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Юнусов Абдужалил Мажитовичке;

Кыргызстандын Япониядагы элчилигине;

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;

Улуттук олимпиадалык комитетке;

«КТРК Спорт» телеканалына;

«Акнет» жоопкерчилиги чектелген коомуна.

Copyright © 2017 Maral FM