Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 13 Фев 2023 | 529 | 0

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайты кабарлады.

Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.

Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.

Ошондой эле кыргыз балбаны 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Тарых жаратуучу» жана «Азиянын мыкты балбаны» деп табылган.

Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков сап башында турат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта 45 миң упай менен 1-орунга жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM