Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Орусияда эл аралык мелдештин финалына чыкты (видео)

Кыска кабар , Спорт | 15 Фев 2020 | 814 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Орусиянын Новокузнецк шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу машыктыруучу Шухрат Ушуров “Маралга” билдирди.

77 кило салмакта күч сынашып жаткан Акжол Махмудов финалда дагы бир кыргызстандык балбан Кайрат Түгөлбаев менен күч сынашат.

Алгачкы беттешинде Акжол Орусиянын Алтай аймагынан келген Владислав Чупахинди мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде утту.

Жаштар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудов бутунан операция болуп, жаракатынан айыккандан кийинки алгачкы мелдеши.

14-16-февраль күндөрү Орусиянын Новокузнецк шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Олениктин жаркын элесине арналган Бүткүл Орусиялык эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Ага Кыргызстандын он балбаны: Балбай Дордоков (55 кг), Калы Сулайманов (63кг), Рустам Тейишов (63 кг), Халмурат Ибрагимов (67 кг), Эрбол Бакиров (67 кг), Кайрат Түгөлбаев, Акжол Махмудов (77 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) барышкан.

Copyright © 2017 Maral FM