Биз менен байланышыңыз

Кыргыз балбандары Азия чемпионатынан 1 күмүш, 2 коло байге утушту

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2020 | 779 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан Азия-2020 чемпионатынан күмүш байге утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште Азат индиялык балбан Кумар Сунил’ге жеңилип калды.

87 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат жарым финалда ирандык балбанга 0:6 эсебинде утулуп жатып, атаандашы жаракат алып, күрөштү улантуудан баш тарткан. Калыстар жеңишти кыргыз балбанына беришкен.

Кыргызстандык балбан жарым чейрек финалда тажик спортчусун, чейрек финалда япон балбанын таза артыкчылык менен уткан.

Бүгүнкү мелдештик күндө 77 кило салмакта ат салышкан Ренат Ильяз уулу жана 130 кг салмакта күрөшкөн Роман Ким коло байге утушту.

Ал эми 63 кг салмата мелдешке чыккан Тынар Шаршенбеков байгелүү орунга жете алган жок.

Азия чемпионатынын эртеңки күндөгү мелдешинде Жоламан Шаршенбеков (60кг), Марлен Асыкеев (67 кг), Руслан Царёв (72кг), Саматбек Чоңоралиев (82 кг) жана Бексултан Махмудов (97 кг) килемге чыгышат.

Copyright © 2017 Maral FM