Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөш: Арсалан Будажапов Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 22 Фев 2020 | 652 | 0

Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Арсалан Будажапов Азия чемпионатынын финалына чыкты. Алтын байге үчүн финалда ал индиялык Балиян Гаурав менен күрөшөт.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан биринчиликте 79 килограмм салмакта ат салышкан Арсалан чейрек финалдан баштап күрөшүп, казакстандык Галымжан Уссербаевди, жарым финалда ирандык Али Бахтияр Савадкухини жеңип, финалга жолдомо алды.

Бүгүн кыргызстандын балбандар Бекболот Мырзаназар уулу (57кг), Исламбек Орозбеков (70кг) жана Могамед Мусаев (97кг) өз салмактарында коло байге үчүн күрөшөт.

Ал эми 65 кг салмакта килемге чыккан Нургазы Абдуразаков баштапкы этапта жеңилүү ызасын тартты.

Copyright © 2017 Maral FM