Биз менен байланышыңыз

Чемпион Улукбек Жолдошбековго жердештери BMW X5 унаа белек кылышты

Кыска кабар , Спорт | 29 Фев 2020 | 693 | 0

Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековго жердештери BMW X5 үлгүсүндөгү жол тандабас белек кылышты. Кечээ балбан кичи мекени Нарынга барып, аны жердештери чоң салтанат менен тосуп алышкан. Чемпионго жергиликтүү ишкер унаа белек кылса, дагы башкалары акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Белгилей кетсек, Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпионатында 61 кило салмакта чемпион болгон. Улукбек Кыргызстандын эркин күрөш тарыхында ата мекендик спортчулардан алгачкылардан болуп Азияны багындырган балбан катары тарыхта калды.

Мелдештин финалында тажикстандык Мухаммад Икрамовду далысын тийгизип, таза артыкчылык менен уткан.

Улукбек Жолдошбеков ушуну менен акыркы 5 айдын ичинде эки ири мелдеште алтын утту. Узаган жылдын октябрь айында U23 жаштар арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын капчыгына алтын байге алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM