Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөш: Өлкө чемпионаты сенсациялар менен коштолду

Кыска кабар , Спорт | 11 Янв 2020 | 575 | 0

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Жалпы 10 салмак боюнча 218 балбан күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул тууралуу “Маралга” мелдештин башкы калысы Саитдин Азизбеков билдирди. Анын айтымында, быйылкы чемпионатта Кыргызстандын эркин күрөшү өсүп жатканы байкалган. Мелдеш айрым сенсациялар менен коштолгону буга далил дейт ал.

Эркин күрөш жаңы муун менен толукталып, жалпы өсүү бар. 57 кило салмакта Бекболот Мырзаназар уулу жаш экенине карабастан, чемпионаттын жеңүүчүсү болду. Ал “жеңишке болгон эрки үчүн” өзгөчө сыйлыгын алды. Ошондой эле 70 кило салмакта Исламбек Орозбеков эл аралык даражадагы тажрыйбалуу балбаныбыз Эрназар Акматалиев менен финалга чыгып, 5:1 эсебинде артта баратып, аягында 7:5 менен утуп кетти, — деди башкы калыс.

Саитдин Азизбеков ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрүнөн тандалып Кыргызстандын улуттук курама командасы кураларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM