Биз менен байланышыңыз

Эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты уланууда

Кыска кабар , Спорт | 10 Янв 2020 | 680 | 0

Бүгүн, 10-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатынын экинчи күндөгү мелдеши жүрүп жатат. Бүгүн 61 кг, 70 кг, 79 кг, 92 кг жана 125 кг салмакта балбандар күч сынашып жатышат. Алар учурда финалга чейинки беттештерди өткөрүп жатышат.

Кечээ, мелдештин биринчи күнүндө 57кг, 65кг, 74кг, 86кг жана 97 килограмм салмактагы балбандар арасында байгелер ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Саитдин Азизбеков билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM