Биз менен байланышыңыз

Кыргыз күрөш балбандары Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына тандалды

Кыска кабар , Спорт | 2 Мар 2020 | 587 | 0

1-2-март күнү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча Республиканын чемпионаты өттү. Мелдешке 7 категориядагы салмакта (55 кг., 60 кг., 66 кг., 74 кг., 84 кг., 96 кг. жана 96 кг.дан жогору) бардык аймактардан 350дөн ашык балбандар келип, күч сынашты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Эки күнгө созулган мелдеште Бейбарс Анарбеков (55кг), Нурбек  Сагынбеков (60 кг), Равил Самат уулу (66 кг), Эрбол Турапбаев (74), Бектуркан Кожомуратов (84), Нурислам Идирисов (96кг) жана Нурбек Кожобеков (100+кг) чемпион болушту.

Анын жыйынтыгы менен кыргыз күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы түзүлдү. Эми алар быйыл Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюндарына жана 2020-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүшөт.

Чемпионат Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш федерациясы жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду. Дирекциянын бюджетинен 169 миң сом бөлүндү.

Copyright © 2017 Maral FM