Биз менен байланышыңыз

Кыргыз күрөшү: Кыргызстан курамасы Азияда биринчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 29 Ноя 2019 | 571 | 0

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатында Кыргызстандын курамасы командалык эсепте биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу өлкөнүн кыргыз күрөш федерациясынан кабарлады.

Кыргыз балбандары 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло, жалпысынан 7 байге утушкан. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан курамасы мелдештин жалпы командалык эсебинде биринчи орунду ээлешти. Орусия курамасы экинчи, ал эми Моноголия үчүнчү орунду камсыздашты.

Эске сала кетсек, 27-28-ноябрда Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча биринчи жолу Азиянын ачык чемпионаты өттү. Ага 16 мамлекеттен жүздөгөн балбандар катышып күч сынашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM