Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндары: Күрөш менен эр эңиш аяктады

Кыска кабар , Спорт | 21 Сен 2019 | 587 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн кыргыз күрөшү жана эр эңиш оюндары аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Кыргыз күрөшү боюнча 7 облус жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 63 балбан 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96дан жогорку салмак категорияларында күрөшүп, жалпы командалык эсепте 52 упай топтогон Талас облусу 1-орунду, 50 упай топтогон Бишкек шаары 2-орунду, 38 упай топтогон Жалал-Абад облусу 3-орунду ээледи.

Ал эми эр эңиш боюнча 39 балбан 60, 70, 80, 90 жана 90дон жогорку салмак категорияларында күч сынашып, жалпы командалык эсепте 1-орунду Талас облусу, 2-орунду Нарын облусу, 3-орунду Ош облусу алды.

Ошондой эле, бүгүн көк бөрү оюнунун финалдык беттештери өтүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM