Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты бүгүн да актуалдуу

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 828 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы «Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи.

Көптөгөн мекендештерибиз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дайыма Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө ойлорун билдиришкен. Бул жагдай эске алынып, мындан ары республикалык көчмөндөр оюндарын өлкөбүздүн ар кайсы дубандарында өткөрүп туруу чечими кабыл алынганын президент сөзүндө айтып кетти.

Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртылып, улантылып жатканын белгиледи.

«Көчмөн оюндары — бүгүн дүйнөлүк руханий энчиге айланып олтурганы бизди кубандырат. Кыргыз жергесинен башталган көчмөн духу дүйнөлүк сапарын улантат. Биз муну менен сыймыктанабыз», — деди өлкө башчысы.

«Биринчи республикалык көчмөндөр оюндары Айкөл Манас атабыздын ордосунда, элдин биримдигинин, мамлекетттүүлүктүн башаты болгон так ушул касиеттүү Талас жергесинде башталды. Мындан ары эстафета башка областтарга берилип, бардык дубандарда кезек-кезеги менен республикалык оюндар өтөт. Бул оюндардын түпкү максаты — байыркы элибиздин тарыхына, маданиятына, салт-санаасына урмат көрсөтүү. Ата-бабалардын жолун улап, алардын элесине таазим этүү. Азыркы мезгилде өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн өз тарыхыбызга таянып, андан руханий азык, жаратмандык энергия алуу», — дейт мамлекет башчысы.

Көчмөн дүйнө таанымы — Жараткан менен жакын болууга, Адам менен Табияттын биримдигине, Коомдук гармонияда жашоого негизделгени өлкө башчысынын сөзүндө белгиленди.

«Кылымдарды карыткан бул элдик философия — найзанын учунда, кылычтын мизинде, тарыхтын тайгак жолунда сыналган кыргыз элинин башкы байлыгы. Көчмөндөр оюндары — Манас оюндары деген ат менен атагы алыска кеткен кыргыздын көөнө оюндарынан башталат. Манас бабабыздан бери келе жаткан улуттук салтты улантат. Бул оюндар спортту, сергек жашоону гана эмес, эл биримдигин, тынчтыкты, табият менен гармонияда жашоону даңазалайт. Ошондуктан Таласта, «Манас Ордодо» көрсөтүлгөн оюндар — бул кыргыздын кан-жанына сиңген руханий баалуулуктар жана дөөлөттөр. Биз бүгүн өз тарыхыбызды, маданиятыбызды, каада-салтыбызды кайра жандандырып, бабалардын улуу жолун улантып жатабыз десек болот.

Кудай буйруса, Республикалык көчмөндөр оюндары — улуттук биримдигибизди ширелткен, бир эл, бир журт экенибиздин жаркын салтанаты болот. Биздин коомдун эң ыйык дөөлөтү — бул Ата Журттун азаттыгы, көз карандысыздыгы, элибиздин эркиндиги, улуттун биримдиги, ынтымагы, жерибиздин бүтүндүгү.

Биз бул улуу сөздү Манас бабабыздын руху жашаган, эл биримдигинин башаты болгон касиеттүү Таласта, Манас атабыздын ыйык Ордосунда сыймыктануу менен айтабыз. Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!», — деп белгиледи президент.

1995-жылы Таласта «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы болгон.

Мына бүгүн да ыйык Талас жергесинде «Манас» деп ураан чакырып, 7 дубан чогулуп, бир туунун алдында эл бириккенин, Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу экенин Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи.

«Манас атабыз жердеген кең Таласта кадырман журтумдун алдына чыгып, Манас оюндарын даңазалап, бир билек болуп түрүлүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам», — деген өлкө башчысы Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу болууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM