Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндары: Спорттук мелдештер жыйынтыкталды

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 667 | 0

I Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарынын ат майданында жана «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештин жалпы жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 691 спортчу спорттун 8 түрүнөн күч сынашты.

Жалпы командалык эсеп боюнча, 75 упай топтогон Талас облусу биринчи орунду алса, 63 упай топтогон Бишкек шаары 2-орунду, ал эми 3-орунду 55 упай топтогон Ысык-Көл облусу алды.

Ал эми калган облустардын ээлеген орду жана алган упайы төмөнкүдөй болду:

4-орун — Чүй облусу (46 упай);
5-орун — Ош облусу (45 упай);
6-орун — Нарын облусу (43 упай);
7-орун — Ош шаары (36 упай);
8-орун — Жалал-Абад облусу (32 упай);
9-орун — Баткен облусу (25 упай);

Copyright © 2017 Maral FM