Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндарында Чүй облусу көк бөрү боюнча алгачкы чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 21 Сен 2019 | 57 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешти КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөттү.

3-орун үчүн болгон беттешке Талас облусу менен Бишкек шаарынын улакчылары чыгып, натыйжада Таластын курама командасы Бишкекти 11:2 эсебинде утуп алды.

Ал эми 1-орун үчүн Ош облусу менен Чүй облусунун улакчылары беттешип, Чүйдүн командасы Оштун командасын 14:1 эсебинде утуп алды. Жыйынтыкта Чүй облусу 1-орунду,  Ош облусу 2-орунду, Талас облусу 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары бүгүн жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM