Биз менен байланышыңыз

Талас: Көк бөрү оюнунда Нарын бүгүн да утулуп калды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 735 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарынын ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин бүгүнкү туру да жыйынтыкталды.

Оюнду алгач Талас облусунун командасы менен Нарын облусунун командасы баштап берди. Нарындын улакчылары бүгүн да Таластын улакчыларына 12:2 айырмасы менен утулуп калышты.

Оюндун экинчи беттеши Ысык-Көл менен Жалал-Абаддын улакчыларынын ортосунда орун алып, Жалал-Абад 9:2 эсебинде жеңишти Ысык-Көлгө алдырып жиберди. Эске салсак, Ысык-Көлдүн улакчылары кечээ Бишкектин улакчыларына 5:4 эсебинде утулуп калган болчу.

Ал эми үчүнчү бөлүктө бет келген Баткен облусу менен Ош шаарынын улакчыларынын ортосундагы беттеш кубалашкан оюн болду. 3:6 эсебинде утулуп жаткан Ош шаарынын улакчылары оюндун акыркы мүнөттөрүндө удаасы менен эки улак таштаганга үлгүрүштү. Ошентип, оюн 6:5 эсебинде Баткен облусунун жеңиши менен жыйынтыкталды.

Copyright © 2017 Maral FM